Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капа кылуу, таарынтуу, көңүлүн калтыруу. Карынын да, жаштын да көңүлүн оорутпаган, жибектей чоюлган, бала мүнөздүү, кичи пейил адам жен (Баялинов). Кабарыңыз бар, Чаткалдан чыккан чатакты жөндөп келсем, эси жоктор ишти айран кылып таштап көңүлүмдү оорутту, эл көзүнө сындырды (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капа кылуу, таарынтуу, көңүлүн калтыруу. Карынын да, жаштын да көңүлүн оорутпаган, жибектей чоюлган, бала мүнөздүү, кичи пейил адам экен (Баялинов). Кабарыңыз бар, Чаткалдан чыккан чатакты жөндөп келсем, эси жоктор ишти айран кылып таштап көңүлүмдү оорутту, эл көзүнө сындырды (Касымбеков).