Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аткарууга тийиш болгон кандайдыр бир тапшырманын, иштин аткарылыш тартиби, багыты көрсөтүлгөн жол-жобо. Ал колхоздун бүт активин чогултуп алып көрсөтмө берди (Каимов). Курултайдын чечимдеринде улут саясатынын маселелери боюнча туура көрсөтмөлөр берилген. 2. сүйл. Көргөзмө. Көрсөтмөгө барууга, Даярданып калыптыр (Үсөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮГӨ МАЖБУРЛОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган сот акыйкаттуулугуна каршы жасалган кылмыш. Алдынала тергөө жана алгачкы текшерүү жүргүзүүчү кызмат адамдары тарабынан шек саналган адамдарды, айыпталуучуну, күбөнү көрсөтмө берүүгө мажбурлоо же эксперттерди коркутуп-үркүтүү ж. б. мыйзамсыз аракеттер аркылуу корутунду чыгарууга мажбурлоо.