КӨЗҮНӨН ЧААР ЧЫМЫН УЧУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Жаны кейүү, катуу кыйналуу. Толгоо тартып, көзүнөн чаар чымын учуп, араң олтурган Айганыштын сенден күткөнү ушул беле? (Сыдыкбеков). Көзүнөн чаар чымын учуп, таң аткыча кирпик какпай чыкты (Баялинов). 2. Өтө оор абалда калуу, коркуу, аргасы түгөнүү, эмне кыларын билбей айласы кетүү. Ошондо гана Көлбай колдуу болуп баратканын билип, көзүнөн чаар чымын учту («Ала-Тоо»). Көзүнөн чаар чымын учуп, улакты Күрөңгө үстөкө-бостоккамчы уруп, жиреп кирди (Көчкөнов).