Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсени жактыруу, аны алгысы келип аябай кызыгып калуу, суктануу. Көйкашканын ошол жоргого көзү түшүп, эптеп ажыратып алуунун жолун издейт (Көчкөнов). Дароо үстөлдүн үстүндөгү сүрөт салган алъбомго көзү түштү да бирден барактай баштады (Алыбаев). Көп күлүктөрдү карап туруп, бир атка көзү түшөт (Осмоналиев). 2. Бирөөнү жакшы көрүп, сүйүп калуу, ага берилип жактырып калуу. Эгер Үрпүканга көзү түшсө, ыгын келтирип жүздөштүрүүгө макулдаткан (Бейшеналиев). Болбосо, кечээ эле бирөөнүн кудалап койгон кызына көзү түшүп калып, үйлөнмөкчү болгон кашка ушул эмес беле (Көчкөнов). Келип-кетип жүрүп мага көзү түшүп, атама кудалашуу үчүн жуучу салат (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени жактыруу, аны алгысы келип аябай кызыгып калуу, суктануу. Көйкашканын ошол жоргого көзү түшүп, эптеп ажыратып алуунун жолун издейт (Көчкөнов). Дароо үстөлдүн үстүндөгү сүрөт салган альбомго көзү түштү да бирден барактай баштады (Алыбаев). Көп күлүктөрдү карап туруп, бир атка көзү түшөт (Осмоналиев). Абышка күмүш чаптырып кооздоткон мүйүз чакчасын жаныман алып чыкканда, мен анын кооздугуна көзүм түшө калды («Ала-Тоо»). Каныбектин чооруна көзү түштү (Жантөшев). 2. Бирөөнү жакшы көрүп, сүйүп калуу, ага берилип жактырып калуу. Эгер Үрпүканга көзү түшсө, ыгын келтирип жүздөштүрүүгө макулдаткан (Бейшеналиев). Болбосо, кечээ эле бирөөнүн кудалап койгон кызына көзү түшүп калып, үйлөнмөкчү болгон кашка ушул эмес беле (Көчкөнов). Келип-кетип жүрүп мага көзү түшүп, атама кудалашуу үчүн жуучу салат (Каимов). Келип-кетип жүрүп мага көзү түшүп, атама кудалашуу үчүн арачы салат (Каимов). Жоодурап карап турган Алымканга Токтогулдун көзү түштү (Бөкөнбаев). В.: Көңүлү түшүү. Ал келинчекке бир кезде Теңирберди агаңдын көңүлү түшүп жүргөн (Укаев). Кызына жайындагы Кетмен-Төбөлүк жаш ырчынын көңүлү түшүп кеткенин кулагы чалган (Касымбеков).