КӨЗҮ ЖЕТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эмне экендигине, чындыгына же төгүндүгүнө, кандай болгондутуна ачык түшүнүү, толук ишеничи болуу, кандай болорун алдын ала билүү. Атай бул жооптуу жумушту аткара албастыгына көзү жеткен соң, кантондун жетекчилерине «мени бошоткула» деп даттанды (Каимов). Көзү жетип, билип турган ишин Сапар далилдөөгө тырышты (Сасыкбаев). Алардан айла болбосуна көзү жеткенде жаңы начальник айрым жумуштарын өзү жасата баштаптыр («Советтик Кыргызстан»). Өкүндө чындап шаарга жөнөгөнүнө көзү жетип, көңүлү толкуду (Айтматов). Мындан ары минтип жашоо болбосуна көзүм жетти (Айтматов).