Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кимдин иши оң болуп турса, же кимде бийлик болсо, ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы. Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып, жан багуу сага окшогон адамдын колунан келет деди («Ала-Тоо»). ...Күн тийген жердин күкүгү, көкүрөгү өз чамасынан өөдө, бирөөнүн кайгысы - аларга күлкү, өзү эки буттуу түлкү (Медетов). Алар күн тийген жердин күкүгү, - деп Сүйүнбай эмкииштинчордонун ошолорго бурду (Өгөбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдин иши оң болуп турса, же кимде бийлик болсо, ошого кошомат кылган, анын сөзүн сүйлөгөн өң карама, кошоматчы. Күн тийген жердин күкүгү болуп оокат кылып, жан багуу сага окшогон адамдын колунан келет деди («Ала-Тоо»). ...Күн тийген жердин күкүгү, көкүрөгү өз чамасынан өөдө, бирөөнүн кайгысы – аларга күлкү, өзү эки буттуу түлкү (Медетов). Алар күн тийген жердин күкүгү, – деп Сүйүнбай эмки иштин чордонун ошолорго бурду (Өгөбаев). В.: Күн тийген жердин чоросу. Күн тийген жердин чоросу. Ким чоң болсо, ошону жандайт, ошонун сөзүн сүйлөйт («Чалкан»). Мындайдын келгенине кубанба, кеткенине кайгырба – мындайды ошон үчүн «Күн тийген жердин чоросу» дейт, ага теңирим көкжал бөрүнүн артынан ээрчиген жорунун, кузгундун, карганын күнүн берип койгон (Касымбеков). Күн тийген тоонун күкүгү. Күн тийген тоонун күкүгү болуп, кара жанынын камын көрүп, акыры Жылматай да кетти дүйнөдөн (Осмоналиев). Күн тийген жердин бүлөсү. – Куйругуңду кыпчып калгансың го? Күн тийген жердин бүлөсү (Байтемиров).