Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
computer (noun)
Any device capable of processing information to produce a desired result. No matter how large or small they are, computers typically perform their work in three well-defined steps: (1) accepting input, (2) processing the input according to predefined rules (programs), and (3) producing output. There are several ways to categorize computers, including class (ranging from microcomputers to supercomputers), generation (first through fifth generation), and mode of processing (analog versus digital).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)

компьютер (комп.)
компьютер-автомат
компьютер вирусу (комп.)
компьютер графиги (комп.)
компьютер жабдуулары (комп.)
компьютер программасы (комп.)
компьютер тармагынын жабдуулары (комп.)
компьютерди окутуу (комп.)
компьютердик билимдүүлүк (комп.)
компьютердик графика (комп.)
компьютердик кылмыш (комп.)
компьютердик оюндар (комп.)
компьютердик сабаттуулук (пед.)

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОМПЬЮТЕР (англ. computer , лат. computo – санайм, эсептейм) – электрондук эсептөө машинасынын (ЭЭМ) эле өзү; илимий-популярдуу жана илимий эмгектерде кеңири таралган аталгы, «computer » – эсептөөчү деген англис сөзүнүн транскрипциясы болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
инф. Өзүнүн эсинде сактаган буйруктарды башкаруусу менен иштеп, маалыматтарды кабыл алып, берилиштер үстүнөн арифметикалык жана логикалык амалдарды аткаруу менен жыйынтык алып, кийин колдонуу үчүн сактаган электрондук түзүлүш. Бир эле компьютерде жүздөгөн же миңдеген файлдар болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОМПЬЮТЕРДИК ВИРУС – ЭЭМди программалык камсыздоонун ишке жарамдуулугун бузуу, аны пайдалануучунун улуксаты жок эле, анын эркине каршы өзүнөн өзү көбөйүүчү жана таркалууга жөндөмдүү ЭЭМ программасы (ушундан улам анын аталышы оору козгоочу вируска окшош). Биринчи жолу 1980-жылдардын башында АКШда пайда болгон. К. в. менен күрөшүү үчүн вируска каршы программалар иштелип чыгууда. КР кылмыш-жаза мыйзамында биринчи ирет атамекендик иш тажрыйбада ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзгөндүгү, пайдалангандыгы жана тараткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги белгиленген. «ЭЭМ үчүн программаларды түзүү же билип туруп ЭЭМдин, ЭЭМ тутумунун же алардын тармагынын иштөөсүн бузуучу, колдонуудагы программалардын санкцияланбаган жок болуп кетүүсүнө, маалыматтарды көчүрмөлөөдө тоскоолдуктарга алып келүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүү, ага тете эле ошондой программаларды же ошондой программалуу машиналык алып жүрүүчүлөрдү пайдалануу же таратуу» жазалануучу жосундар болуп саналат.

КОМПЬЮТЕРДИК КЫЛМЫШ – компьютердик информатика чөйрөсүндөгү кылмыш. К. к-тарга компьютердик маалыматтарга укук чектерине сыйбаган улуксатсыз кирип алуулар, ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана таркатуу, ЭЭМ, ЭЭМ тутумун же алардын тармагын пайдалануу эрежелерин бузуулар кирет.

КОМПЬЮТЕРДИК МААЛЫМАТТАР ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ КЫЛМЫШТАР – мыйзам тарабынан корголуучу компьютердик маалыматтарга, б. а. ЭЭМдеги, ЭЭМ тутумундагы же алардын тармагындагы машиналык сактагычтагы маалыматтарга укуксуз кирүү, эгерде бул жосун маалыматтарды жок кылууга, чыгарбоого, модификациялоого алып келсе же болбосо көчүрүп алынса, ЭЭМдин, ЭЭМ тутумунун же алардын тармагынын бузулуусуна алып келген кылмыш.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОМПЬЮТЕРДИК УКУК – айрым өлкөлөрдө ЭЭМ, ЭЭМ тутумдарын жана алардын тармагын пайдаланууда келип чыккан коомдук мамилелердин комплексин жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы болуп саналган мыйзам тармагы. Юридикалык адабияттарда «К. у.» аталгысы менен бир катарда башка дагы – «информатика укугу», «маалыматтык укук» деген аталгылар да кездешет. Кийинкилери маалымат чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салышкандыктан, маалыматтар кандай каражаттар менен иштелип чыкканына жана анын алып жүрүүчүлөрү кандай экендиктерине карабастан К. у-ка караганда бир кыйла кеңири түшүнүктөр болуп саналышат.