Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧИЛТЕН, Кырк чилтан — Баткен районундагы туш тарабын дайра, тоо курчап ат чабымдай аралды элестеткен Коргон айлына кире бериште орун алган коор жай (бейит) мазар. Ал жерде жалгыз түп гүлсовгар (дарак) гүлдөп турат. Эл ошол жерди Манастын кайыбынан берген кырк жигитинин бейит мазары деп касиеттүү көрүп, ыйык эсептешет.
Ал эми түпкү теги тотем (бөрү, жолборс, илбирс) менен байланышкан чилтендин жана башкалар образдары мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына айланганын «Манас» эпосунун айрым мотивдери аныктап турат. Мисалы, эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон учурда көбүнчө чилтендердин колдоосу менен аман калат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
миф. кырк адам, кырк колдоочу. Адамдардын көзүнө көрүнбөгөн, сүйгөн кишилерин колдоп, жакшылык кылуучу касиеттүү пир, колдоочу. Кырк чилтен кайып эр урсун («Манас» С. О.). Атасын тарткан эр Семең, Актулпарды чуратып, Жардын башын уратып, Жайнаган сууга кирди эми. Колдогону кырк чилтен, Колтугунан алыптыр («Семетей»). Бирде касиеттүү Капсылазам колдосо, бирде Кырк чилтен, бирде жакшылык ыроологон Жоламан колдоп, куттуу ордосуна көңүлү куунак кайтат (Субанбеков).