Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тоонун кырка тартып, жондонуп чыгып турган бөлүгү, тоонун көтөрүлүп чыгып турган жону. Аттуулар кыр өйдө келип жакындаганда Алыбек Темировду тааныды (Жантөшев). Жамгырым, жамгырым, Көгөрт тоонун ой, кырын (Осмонов). 2. Бир нерсенин чети, кырданып чыгып турган бөлүгү. Атай суудан секирип, арыктын кырына чыкты (Бейшеналиев). Жер тамдын кырында кара чыйырчыктар олтурат (Сасыкбаев). 3. Каптал. Көмкөрөсүнөн жаткан Каныбек сол жаккы кырына оодарылды (Жантөшев). 4. Жон-жон кылып үйүлгөн үйүндү. Батыйманын көзүнө кырманга додолоп койгон, кыр-кыр кызыл буудайларга окшоп көрүндү (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылуу, өлтүрүү. Жыргалга кастык кылганды, Жыландай жанчып кырамын (Бөкөнбаев). Кырамын өзү келген ач көз жоону Колхоздун адырынан чөп чапкандай (Үмөталиев). 2. Бир нерсени сүргүлөп тегиздөө, сүргүлөп тазалоо, сүрө тартып ажыратуу, бөлүү. Табак-аяк кырат, кашык, жасайт (Токомбаев). Айран калдым мен көрүп, Апийимди кырганын (Осмонкул). Аттын жанына барып, мойнунан сылап, каткан терлерин кырды (Каимов).