ир.-ар.
весёлый, радостный, довольный;
көңүлү кушубак болду он обрадовался, ему приятно.
кушубак (кошубак эмес)
кушубак болуңуз
Көңүлү шат, жайдары, куунак. Кишинин бары кушубак, Кубанычтуу болушуп («Манас» С. О.). Эмгекке болуп кушубак, Шаттанып талаа термелди (Бөкөнбаев). Бүгүн Кулбаш аксакал өзгөчө сыймыктана басып, абдан кушубак (Абдукаримов). – Кушубак бол, үкө Жан! Кай бир чабыр жылкылардын көтөрүм болоюн деп калганы болбосо, башкасы аман (Жантөшев). Кушубак кылып отурган экен.