Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кайра-кайра айта берип же жагымсыз дабыш салып тынчын алмай, тажатмай, тынчтыксыз. Кален деп менин атымды укканда эле кызынын кулак-мээсин жейт экен (Акматов). Үйүнө кирип-чыгып куңкүлдөп, аялынын кулак-мээсин жейт. («Ала-Тоо»). Калың тобу менен бүгүн кечке чуулдай берип, бир жакка учуп да кетпей кулак-мээни жеп жатты (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайра-кайра айта берип же жагымсыз дабыш салып тынчын алуу, тажатуу. Кален деп менин атымды укканда эле кызынын кулак-мээсин жейт экен (Акматов). Үйүнө кирип-чыгып күңкүлдөп, аялынын кулак-мээсин жейт («Ала-Тоо»). Калың тобу менен бүгүн кечке чуулдай берип, бир жакка учуп да кетпей кулак-мээни жеп жатты (Айтматов). В.:Кулак-мээсин алуу. «Ата-энеси таштап кеткен неменин мага кереги канчалык экен! Башка түйшүгүм да аз эмес», деп таенеси таятасынын кулак-мээсин алат (Айтматов). Ал үйгө кирди дегиче экөө эки жагынан кулак-мээсин алышчу («Кыргызстан маданияты»).