Дененин кашаттан моюнга чейинки бөлүгү, кийимдин асты менен дененин арасы. Коюн-колтугуна кирген чөптүн бүрү этин кычыштырды («Ала-Тоо»).
Бири-бирине абдан жакын, ысык, ынак болуу, достошуу, өтө жакын ынтымактуу, таттуу болуу. Букарбай Байымбетке коюн-колтук алыша удаа оргуй, кеперестей ымалалашкан соң, жаканы карай аттанышты (Бейшеналиев). Өзү ачык-айрым, киши менен бат эле коюн-колтук алышып кетчүлөрдөн болот (Абдукаимов).
1. Күрөшкөндө, кучакташканда бир колду экинчи кишинин колунун астынан, экинчи колун сыртынан алып кучактоо же курдан кармоо. Балбандар коюн-колтук алышып таймашып, бирин-бири ала албай жатышты («Кыргызстан маданияты»). Үчөө тең коюн-колтук алышып, кыса кучакташып көрүштү (Абдукаримов). 2. Бири-бирине абдан жакын, ысык, ынак болуу, достошуу, өтө жакын ынтымактуу, таттуу болуу. Букарбай Байымбетке коюн-колтук алыша удаа өргүй, кеперестей ымалалашкан соң жаканы карай аттанышты (Бейшеналиев). Өзү ачык-айрым, киши менен бат эле коюн-колтук алышып кетчүлөрдөн болот (Абдукаимов). Коюн-колтук алышып бир жүргөн Жумага айтып түшүндүрүү жеңил болуш керек («Ала-Тоо»).