Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак. Кара кошок сөз менен Кайгыңды тартып ыйладым (Тоголок Молдо). Чачты жазып коюп, күнүгө үч маал кошок айтып үн салып ыйлашым керек (Убукеев). Атанга жүгүн арттырып, Алтымыштай катынга, Тегиз кошок айттырып («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кой-эчкилердин бири-бирине тизмектелген, моюндарынан байлаштырылган тобу. Койлор саалып, кошоктор тартылар менен, бээлер да саалып, кулундар агытылды («Ала-Тоо»). 2. өт. Аял, жар. Сен түгөйүм, сен өмүрдүн кошогу, Антыбыз бар эстеп жүрчү ошону (Бөкөнбаев). Тагдырымды кошомун, Талабың кансын кошогум. Өмүрүмдү кошомун, өчпөсүн шамың кошогум («Эл адабияты»).