Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Койду айдоодо колдонулчу кош! сөзү да «кой» деген маани бериши мүмкүн. Анткени кош сөзү байыркы коч «кочкор» деген уңгунун акыркы тыбышы ш тыбышына алмашкан түрү болуп чыгат. Малды айдоодо, чакырууда колдонулган сөздөрдүн көбү ошол жаныбардын атын билдирген сөздөр менен аталгандыктан кош! сөзү да «кой» деген маанидеги сөз дешке болот.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Иранча кош сөзү сөзмө-сөз «жакшы» маанисин берет. Кош келипсиздер! деген учурда дал ушул маанидеги сөз айтылат. Ал кээде куш келипсиздер! түрүндө да колдонулуп жүрөт. Коштошуп жатканда кайыр кош, жакшы барыңыз! деп айтканда үч жолу «жакшы» сөзү айтылат: кайыр — арабча, кош— иранча, жакшы — кыргызча.