Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки түгөй, эки даана, жуп. Болоттон кылган чоюн баш, Кош колдоп кармап имерди («Манас»). Кош тараптан шаштырып, Колдорун сунуп маш кылып («Эл адабияты»). Жүргүнчүлөр отургандардан кийин, кош моторлуу машина абага көтөрүлдү (Жантөшев). Кош ууч арпа азыгым, Музоо багар жазыгым («Манас»). 2. Кош өгүз чегилген, б.а. эки өгүздүү соко, ал соко менен жер айдоо. Жер айдоо маалы. Кош айдап жаткан кез (Элебаев). Алайда кыш узак болот да, кош кеч чыгат (Жантөшев). Жалгыз өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кичине боз үй, жеңилдетилген боз үй (убактылуу жашоо үчүн ылайыкталган). 2. Жүрүш учурунда колдун – жоокерлердин убактылуу токтогон жайы. Бул сөз кээде оорук деп да аталат. Чоң курулушка келгендердин кошторунан уюлгуп түтүн чыгып турду (Сасыкбаев). Малчылар кошторун артты (Убукеев). Кош колоңдун баарысын, Кош атына жүктөшүп («Манас» С. О.). 3. Көчмөн элдин жүгү. Алты атка кошун жүктөтүп, Алтынды башка арттырып («Манас»). 4. Колдун, же жалпы эле жолдо, өз айылынан башка жерде (конокто, аш-тойдо ж. б.) жүргөн адамдардын өз ынтымагына, туугандык белгисине, же башка байланыштарына карата бөлүнгөн анча чоң эмес тобу. Кош башына бирден бээ, Коштоп келип союшуп («Манас» С. О.).