Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир ишти аткарууга пайдалануу, жумшоо, ошол аркылуу аракет кылуу, иштөө. Курал колдонгонго уруксат жок. Күрөшүүнүн жаңы ыктарын колдонуп, техникасын арттыруу. 2. Жетекчиликке алуу, колдонмо катары пайдалануу. Жаңынын салтын колдонуп, Жоготтуң эски жорукту (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мансабына, күчүнө таянып өз билгендей иштете берүү, эркине койбоо, үстөмдүк кылуу. Бир атанын тукумдары жесир-жетим деп, бизди колдон келет кылгыңар бар экен го?! (Сыдыкбеков). В.: Колдон келди кылуу. Ал мени колдон келди кыла албайт. Ал сени колдон келди кыла берет («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ар нерсеге эпчил, өтө тың, чыйрак, шайдоот. Ошо кезде колдон суурулган шылуун ырчы, чоорчу Адылдын жээни Болот деген жигит таежеси Мөөргө сырдаш өсөт (Бейшеналиев). Колдон суурулган эптүү, амал-айлалуу Баракан жаңы өкмөткө ак дили менен кызмат өтөгөн адам болуп көрүндү (Сыдыкбеков). Өзү колдон суурулган эпчил, ат үстүнөн үч адамга алдырбас камбыл жигит («Ала-Тоо»). В.: Колдон түшкөн. – Ай таң. Бала чагында эле куулдак эле. Колдон түшкөн берен болуптур (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ар нерсеге эпчил, өтө тың, чыйрак, шайдоот. Ошо кезде колдон суурулган шылуун ырчы, чоорчу Адылдын жээни Болот деген жигит... таежеси Мөөргө сырдаш өсөт (Бейшеналиев). Колдон суурулган эптүү, амал-айлалуу Баракан жаңы өкмөткө ак дили менен кызмат өтөгөн адам болуп көрүндү (Сыдыкбеков). Өзү колдон суурулган эпчил, ат үстүнөн үч адамга алдырбас камбыл жигит («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күч алуу, абдан күчөп туруу же өтө кызыган, абдан жандуу абалда болуу. Карышкыр колдон талашып турганда өтө сак болбосо кыйын (Жантөшев). Ормуш өзү баштап ушинтип жатканда, башкалар кантип карап турсун. Колдон талашып иштешпейби (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Күч алуу, абдан күчөп туруу же өтө кызыган, абдан жандуу абалда болуу. Карышкыр колдон талашып турганда өтө сак болбосо кыйын (Жантөшев). Ормуш өзү баштап ушинтип жатканда, башкалар кантип карап турсун. Колдон талашып иштешпейби (Байтемиров).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОЛДОН ЧЫГАРЫЛГАН ПАЙДА – төмөнкү жагдайлардан улам жак тарабынан алынбай калган киреше же башка жыргалчылыктар: милдеттенмени аткарбай коюу менен анын укугун бузгандыктан; ага зыян келтирүүдөн. КР жарандык мыйзамдарында К. ч. п. адатта алынбай калган киреше болуп саналып, чыгымдын ажырагыс бөлүгү катары ордун толтуруп берүүгө жатат.