КОЛ ИЙРИСИНЕ ТАРТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жакындарына, өз дегендерине, тууган-туушкандарына, жакын санаалаштарына жан тартуу, аларга мурдараак, көбүрөөк, жакшыраагын берүү. Кол ийрисине тартып кетпес үчүн, контролдукка алып турууга милдеттүү («Советтик Кыргызстан»). Сен ошол кедейлердин тобунун башчысы экениңен пайдаланып, кол ийрисине тартат кылып, өзүңө көбүрөөк алып койдуң (Эшмамбетов).