Бирөөнүн карамагында, бийлигинде, бирөөгө көз каранды. Кол куушуруп көзүн карап тургандай мен анын кол алдында эмесмин, - деди Култай (Абдукаримов).
Бирөөнүн карамагыңда, бийлигинде, бирөөгө көз каранды. Алты миң киши кол алдымда иштеп турат (Жантөшев). Кол куушуруп көзүн карап тургандай, мен анын кол алдында эмесмин, – деди Култай (Абдукаримов). В.: Кол астында. Анын кол астында жергиликтүү элден үч киши иштейт (Сыдыгалиев). Кайнененин кол астында илбериңки, айтканды бүтүрүп, дегенди орундаткан элпек келин болчу (Сыдыкбеков).