Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уят кылуу, сөзгө сындыруу, жаман абалга калтыруу, шагын сындыруу. Тил алып кой балам, кепке кемтик кыласын. («Ала-Тоо»). Башка элдин алдында булардын шагын сындырчу, кепке кемтик кылып, уятка калтырчу жорук (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уят кылуу, сөзгө сындыруу, жаман абалга калтыруу, шагын сындыруу. Тил алып кой балам, кепке кемтик кыласың («Ала-Тоо»). Башка элдин алдында булардын шагын сындырчу, кепке кемтик кылып, уятка калтырчу жорук (Сыдыкбеков). В.: Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылуу. Сизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып жүрөт (Абакиров). Жөн жаткан элдин ичине бүлүк салып, илгери-кийин эл арасында бизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыларлык жорук жасашкандар ушулар (Медетов). В.: Кепке сындыруу. Батыйна өзүн кордогон кызды кепке сындыргысы келет (Сыдыкбеков). Аны айыл аксакалдары кепке сындырып, бир чети ага өкүмдүк көрсөтүп, тентекти теске салып коюшмак (Сыдыкбеков).