Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕПИЛДИК ВЕКСЕЛЬ – анда көрсөтүлгөн сумманы вексель берүүчү вексель кармоочудан албай туруп эле, чарбачылык бүтүмдөрүн камсыз кылуу үчүн берилген вексель. Эгер вексель берүүчү алардын ортосундагы башка милдеттенмелерди жарытып аткарбаган учурда гана, биринчи вексель алуучу К. в-дин негизинде өндүрүп алууга акылуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕПИЛДИК МӨӨНӨТ – жарандык укуктагы соодалашуу келишими боюнча товар сапаты талапка жооп бере турган, ал эми аткаруу жана тейлөө иштеринде жарамдуулук касиетин жоготпой турган мезгил аралыгы. К. м. кардарга товарды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) берген учурдан башталат жана ал узак мөөнөткө колдонулуучу же сакталуучу товарларга коюлат. К. м-түн өтүшү менен, товардын, жумуштун, тейлөөнүн кемчил жактарын табуу, товардын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) кемчил жактарын толтуруп берүү талаптарын орундоо боюнча даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) милдеттенмелери (жалпы эреже боюнча) токтотулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕПИЛДИК ТӨЛӨМ – КР эмгек мыйзамдары боюнча жумушчулар өз жумушунан мыйзамда каралган себептер менен убактылуу ажыратылган учурларда өз жумушчуларына ишкана тарабынан төлөнүп бериле турган каражат: мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткарганда; ар жылдагы өргүүлөр; милдеттүү медициналык текшерүү; кан тапшыруу милдетин аткарганда; бала багуу үчүн кошумча танапис; ойлоп табуу жана сарамжал сунуштарын киргизгенде; жумушчуга байланыштуу болбогон иш токтоолору. Ошондой эле, К. т-гө бошонуу жөлөкпулу менен ишке аргасыз чыкпаган күндөр үчүн төлөмдөр да кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕПИЛДИК ФОНД – 1) эсептик палата мүчөлөрүнүн милдеттүү төгүмдөрүнүн эсебинен түзүлө турган биржа фонду. К. ф-дун өлчөмү уюмдардын саны менен аткарымдардын көлөмүнө жараша болот. К. ф. банкта сакталат жана эсептик палата директорлорунун атайын улуксатысыз алынбайт; 2) жеке жана юридикалык жактарды зыянга учуратуучу аракеттердин натыйжасында тарткан зыян ордун толтуруу үчүн милдеттүү түрдө түзүлгөн фонд.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЕПИЛДИК ШЕРТПУЛ – ар жолку биржа келишимин түзүүдө кардардын каржы милдеттенмелеринин кепилдиги түрүндө эсептик палатага биржа мүчөлөрү тарабынан төгүлүүчү биржадагы акча өлчөмү. Ал баштапкы (депозит ) жана өзгөрүлмө (маржа) К. ш-у болуп өзара бөлүнөт.