КАШЫК КАНЫН АЯБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бардык күчүн, бүт мүмкүнчүлүгүн сарптоо, эч тартынбоо, бүткүл күчүн жумшоо. Калкынын ысык-суугуна кашык канын аябастан кажыбай түтүш керек (Көчкөнов). Бел байлаган кармаштан баш тартпас, кашык канын аябас Токтогулун камандарга чалдырбай, коргоп каларын билдиришти (Бейшеналиев).