1. Кимдир бирөө менен пикир алмашуу, кабарлашуу, саламдашуу ж. б. максат үчүн кагаз бетине түшүрүлүп, бир жакка жиберилүүчү текст. Анан Ванька чоң атасына кат жазды. (Сыдыкбеков). Татыбек, атаңдан кат барбы? (Байтемиров). 2. Жаза билүү сабаттуулугу, жазуу. Сиз өзүңүз кат билесизби? – дедим (Абдукаримов). Өнөр билдик, көтөрүлдүк асманга, Кат тааныдык, кагаз алып жазганга (Шүкүрбеков).
Бир нерсенин кабаты, бир нече беттен турган катмары. Алтынай төрт кат төшөктүн үстүндө отурат (Сыдыкбеков). Көйнөктөрү кат-кат болуп үстү-үстүнө жайыла берип, кайсынысын киерин өзү да билбей калчу («Ала-Тоо»).
1. Жаап-жашыруу, көзгө урунтпай, көрсөтпөй коюу. Отунчу бөдөнөнү койнуна катып, үйүнө келиптир (Сыдыкбеков). Арзыбаган буюмду Казына кылып катпагын (Осмонкул). Сары жез чирийт акыры, Сандыкка салып катсаң да (Үмөталиев). Кез-кез келчү меймандан, Тамагыңды катпагын (Токтогул). Коломтонун түбүнө, Өгөөнү катып кетти дейт («Эр Төштүк»). 2. Жүгөндү, ноктону малдын башына салуу, тагуу. Нокто катып байталга, Асыл чороң минди эми («Сейтек»). Жоргонун көзүн алаканы менен калкалап, башына жүгөн катты (Айтматов).
1. Кургаганда, куураганда же муздай болуп тоңгондо катуу абалга келүү, катуу болуп калуу. Бирөө жумурткасын, бирөө чүрүшүп каткан өрүгүн базарга сатып, бака-шака түшүп калышчу (Сасыкбаев). Суу тоңгон көк жалама муздар катып (Бөкөнбаев). Жер ката электе айдоо, себүү жумуштарын аяктап койсок болчудай («Ала-Тоо»). 2. Былк этпей туруп калуу, кыймылдабоо. Акмат күүнү тыңшап, катты да калды (Жантөшев). Итике селейип катып калды (Убукеев). Бекназар булдурсунду бүктөй кармап жерге матап таянып, былк этпей катып отурду (Касымбеков).