Чапкылаган катуу жүрүш. Мурункудай кара чабуулга салбай, аттарды теминише зыпылдатып бастырып баратышат (Жантөшев). Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал).
1. Өтө тез жүрүш, чапкылаган ылдам жүрүш. Мурункудай кара чабуулга салбай, аттарды теминише зыпылдатып бастырып баратышат (Жантөшев). Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал). 2. Байгесиз ат чабыш. Ырысы жоктун аты кара чабуулда жүгүрөт (макал).
Дүрбөлөңгө түшүү, бүлүнүү, бүлүк түшүү. Адамдар кара чабуулга түшүп издебесе, менин дагы конгум келер эле. - деди Абдылас (Эсенканов). Убаданы бек аткарган ал уйчу Нускени кара чабуулга түшүп издегендерге төртүнчү күнү айтат (Осмоналиев).
Дүрбөлөңгө түшүү, бүлүнүү, бүлүк түшүү. Адамдар кара чабуулга түшүп издебесе, менин дагы конгум келер эле, – деди Абдылас (Эсенканов). Убаданы бек аткарган ал уйчу Нускени кара чабуулга түшүп издегендерге төртүнчү күнү айтат (Осмоналиев).