Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Денеде тамырлар аркылуу айланып жүрүп, клеткаларды азыктандыруучу жана андагы заттарды алмаштыруучу кызыл түстөгү суюктук. Кан тамырлары. Кан куюу. Союл тийип башына, Суу ордуна кан аккан (Токтогул). Күлчородон ал кетти, Кара курум кан кетти (Семетей»). 2. Адамдын же малдын тукуму, жаралып чыккан негизи. Каны таза, асыл тукум жылкы. Ушундай кандан бүткөн бала чиркин (Токомбаев). Бул бейбактын канында бар, атасы ушундай кежир киши эмес беле («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
хан менен бирдей. Таажы кийди кан болуп («Манас» С. О.). Такка минген кандары, Тартиби кандай болду экен? (Тоголок Молдо). Өлтүрүптүр Күн кан, Качканда Жаңыл жеңемди («Мендирман»). Кан атам көзү өткөн соң, Капаланып күйгөмүн («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суусаганы басылуу, суусун ичип, чаңкабай турган абалга келүү. Булакты көрсө суу койбой, Анча-мынча булакка, Суусуну канып бир тойбой («Манас»). Мына ошентип мен айылга барарда, Кымыз ичип, чын суусунум канарда (Осмонов). 2. өт. Толук алымсынуу, канааттануу, кумардан чыга ыракаттануу. Кангым келди турмуштун, Суктандырган ойнуна (Токомбаев). Мен ырдасам ырыма, Канып кетер бекенсиң (Барпы). Кулак бышып, көз канып, Күндө көргөн жай турмуш (Элебаев). Калмактын кылган ишине, Кумардан чыгып кандым мен («Эр Табылды»).