Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Зар кагуу, зарлаган кейиштүү абалда болуу. Кан какшап басмачынын азабынан, зарлады муңга батып далай бейбак (Шамшиев). Көп сандаган үй-бүлөлөр кан какшап, багар-көрөр кишиси жок темселеп калышты (Абдукаримов). Байкуш Сабира жегени желим, ичкени ирим болуп, кан какшап жургөн имиш (Абдукаримов). 2. Кайра-кайра, улам-улам айта берүү. Кетип жатат туш-тушка, кан какшап үгүттөп отуруп ээ боло албай жатабыз («Ала-Тоо»). Энеси машинага чыгып «Тарастан айрылба деп ыйлап, Ленага кан какшап айткан» (Баялинов). 3. Зыркырап-сыздап ооруй берүү, жан кейите аябай ооруу. Бүгүн менин буту-колум кан какшап ооруйт, күн бүркөө болгондуктан болсо керек («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Зар кагуу, зарлаган кейиштүү абалда болуу. Кан какшап басмачынын азабынан, зарлады муңга батып далай бейбак (Шамшиев). Көп сандаган үй-бүлөлөр кан какшап, багар-көрөр кишиси жок темселеп калышты (Абдукаримов). Байкуш Сабира жегени желим, ичкени ирим болуп, кан какшап жүргөн имиш (Абдукаримов). 2. Кайра-кайра, улам-улам айта берүү. Кетип жатат туш-тушка, кан какшап үгүттөп отуруп ээ боло албай жатабыз («Ала-Тоо»). Энеси машинага чыгып, Тарастан айрылба деп ыйлап, Ленага кан какшап айткан (Баялинов). 3. Зыркырап-сыздап ооруй берүү, жан кейите аябай ооруу. Бүгүн менин буту-колум кан какшап ооруйт, күн бүркөө болгондуктан болсо керек.