1. Бою, тулкусу жагынан алганда болук эмес, жоондугу жагынан алганда ичкелик артыкчылыгы бар, жоон эмес. Ал ичке бойлуу, кара тору келин (Жантөшев). Уруя ичке манжаларын кырсылдатты (Байтемиров). Анын же шоона жип же ичке чынжыр экени байкалбайт (Сыдыкбеков). 2. Жоон эмес, чыйылдаган (үн жөнүндө). Ашырдын ичке үнүн шахтёрлор алда кайдан эле таанышчу (Сасыкбаев). 3. Кенен эмес, чоң эмес, кууш, тар. Кербен сарай, эски дубал уранды, Ичке булак ар жагында безилдейт (Токомбаев). Как ошол жерден ичке сай бойлоп, Кара жол кетет жыландай сойлоп (Абдыраманов).
Ease In (proper noun)
A filter effect in Windows Movie Maker.
Дилинде жамандык болуу, бирөөгө жаман ой сактоо. Аскар болуш үчүн көкүрөктү керип, ичке кир сактабай, армансыз кармашкандын өзү жетишет (Абдукаимов).
Дилинде жамандык болуу, бирөөгө жаман ой сактоо. Аскар болуш үчүн көкүрөктү керип, ичке кир сактабай, армансыз кармашкандын өзү жетишет (Абдукаимов).
Эч кимге айтпоо, сыртка чыгарбоо, башкага билдирбөө. Ал көргөн кегин ичке сактап жүрдү («Ала-Тоо»). Мына ошондуктан баягы ууда жүргөндө эсине түшкөн Салкын Айсулууга жаздык жаңыртуу жөнүндөгү оюн ичке сактай турууну чечти (Көчкөнов).
Сыртка чыгарбоо, билгизбөө, жашыруу, айтпоо. Согумуң чүйгүн болсо, ичиңе сакта (макал). Ал көргөн кегин ичке сактап жүрдү («Ала-Тоо»). Мына ошондуктан баягы ууда жүргөндө эсине түшкөн Салкын Айсулууга жаздык жаңыртуу жөнүндөгү оюн ичке сактай турууну чечти (Көчкөнов).
Жаз мезгили, үзүмчүлүк учуру, тамак-аш тартыш болгон кез.
Жаз мезгили, үзүмчүлүк учуру, тамак-аш тартыш болгон кез.
Кыргыз адабий тилинин үндүүлөр системасы 14 формадан турат. Тилдин катышына же горизонталдык абалына карай: жоон (а, о, у, ы) ↔ ичке (э, и, ө, ү) үндүүлөр болуп бөлүнөт.
Ичке үндүүлөр (уччулдар) -- ичке үндүүлөрдү айтканда тилдин учу алга карай бир жүткүнчүктөп, тилдин ортосу тандайды көздөй көтөрүлөт да, өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ичке чыгат. Ичке үндүүлөргө: э, и, ө, ү, ээ, өө, үү кирет.