Бир нерсеге жүрөгү түпөйүл болуп, ичтен сызып кейигендей, тынчы кетип сарысанаа болгондой же жүрөгү элеп-желеп болуп токтоно албагандай сезим пайда болуу. Үпөлдүн муңдуу сөзү, жаштуу көзү Суусардын жүрөгүнө чок салып жиберген сыяктанды (Бердикеев). Ошондо Бала-Тынар жылаажындай үн менен солкулдап ырдап, көп кыздардын жүрөгүнө чок салып келип, ушул Салкынай сулууну өпкөн (Осмоналиев).
к.
ИЧИНЕ ЧОК САЛУУ
Сенин ырың баарыбыздын жүрөгүбүзгө чок салды («Ала-Тоо»).
Бир нерсеге жүрөгү түпөйүл болуп, ичтен сызып кейигендей, тынчы кетип сары-санаа болгондой же жүрөгү элеп-желеп болуп токтоно албагандай сезим пайда болуу. Үпөлдүн муңдуу сөзү, жаштуу көзү Суусардын жүрөгүнө чок салып жиберген сыяктанды (Бердикеев). Ошондо Бала-Тынар жылаажындай үн менен солкулдап ырдап, көп кыздардын жүрөгүнө чок салып келип, ушул Салкынай сулууну өпкөн (Осмоналиев). В.: Жүрөгүнө чок түшүү. Биринчи күндөн эле көңүлү сынган Күласалдын жүрөгүнө чок түшөт (Осмоналиев).