Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаны кейүү, кыйналуу. Булар үчүн жүрөгү канап отурган ушул кемпир - Мандаттын кемпири Күлкан (Өмүрбаев). Ысылы-сууктан жарылып канталаган кызынын жумуру балтырын кыяк чөп кесип кеткенине эненин жүрөгү кошо канап жалбарат (Акматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаны кейүү, кайгыруу. Булар үчүн жүрөгү канап отурган ушул кемпир – Мандаштын кемпири Күлкан (Өмүрбаев). Ысыгы-сууктан жарылып канталаган кызынын жумуру балтырын кыяк чөп кесип кеткенине эненин жүрөгү кошо канап жалбарат (Акматов). В.: Жүрөгү мыкчылуу. Жоголуу жышаанасын кабардаган жаман белги болуп кишилердин жүрөгү мыкчылды (Сыдыкбеков). Жүрөгү куушурулуу. Ишенсең сенин тааныш карааның менден алыстаган сайын жүрөгүм куушурулуп баратты (Сайдуллаев).