жылкы I 1. лошадь (как родовое название; ср. ат I); кырк жылкы 1) сорок лошадей; 2) перен. ныне шутл. дочь (девочка); девица (прим.см.токуур); жылкынын кылы конский волос; жылкынын кылына жарыбаган или жылкынын кылына зар лошадей у него и в помине нет; (не только коня) он даже конского волоса не имеет; 2. год лошади (см.жыл I 2); кара жылкы простая, непородистая лошадь; жылкы мүнөз неуживчивый характер; человек с неуживчивым характером (букв. лошадиный характер); жылкы ичинде аласы единственный (напр. о ребёнке); выделяющийся из других; ал миң жылкы айдап калыптыр ему море по колено; ему всё нипочём (букв. он гонит тысячу коней); жылан чакпай, жылкы теппей ни с того ни с сего (напр. рассердился, обиделся). жылкы II прил. от жыл I; өткөн жылкы прошлогодний.
зат.1. Сом туяктуу, кепшебей турган, унаа катарында пайдалануучу бодо мал, төрт түлүк малдын бир түрү. Чоктой тору, ок жетпес, Кай колхоздун жылкысы? (Аалы). Жылкы фермасы. 2. Мүчөлдүн жетинчи жылы. Жылымды сүрсөм жылкы экен (Маликов).
¨ Жылкызаводу — асыл тукум жылкы өстүрүүчү чарба. Жылкы завод аттары, Жээрде кашка марал баш (Осмонкул).
Кыргыз тилинде уй, кой, эчки деген сөздөр ал жаныбарлардын жалпы атын да, ургаачысын да билдирет, бирок ошол үлгүгө салып бээ, инген деп айтып, жылкы менен төөнүн жалпы атын жана ургаачысын түшүнүү мүмкүн эмес. Жылкы сөзү ат, айгыр, бээ, кулун, тай деген сыяктуу түшүнүктөрдүн баарып камтыйт.
Жылкы сөзү жыл+кы бөлүктөрүнөн куралган. Анын жыл уңгусу байыркы йон//йун этишинин йун> йын>йыл болуп өзгөргөн варианты дешке болот. Байыркы йон//йун этиши азыркыча мин деген этишке туура келет. Ошондуктан жылкы сөзү минги дегенге барабар боло алат.
1. Күч унаа катарында пайдаланылуучу жал куйруктуу, сом туяк үй жаныбары, төрт түлүк малдын бир түрү. Жылкы ичинде чоң тору ат Боолук салса карматат (Тоголок Молдо). Жон-жондон көзгө элестейт, Жылкы айдап жүргөн жигиттер (Маликов). Алдында минген жапалдаш карагер мышыктай элпек жылкы экен (Сыдыкбеков). 2. Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын жыл сүрүү эсебиндеги жетинчи жылдын аталышы. Жылымды сүрсөм жылкы экен (Маликов).
Чунаңдап мүнөзү тез өзгөрүлүп турган, чырт дей түшмө. Ал өзү жылкы кыял, кишинин баары менен урушуп жүрөт (Абдукаимов). В.: Жылкы мүнөз. Кээ адам жылкы мүнөз болот, ушул жигитке жумшак мамиле жакпайт (Укаев).
Абалыңды, чамаңды байка, алыңа, мүмкүнчүлүгүңө жараша иш кыл. Жылкыңа ченеп ышкыр, «Советти» кайсы союл менен жыга чапканы жүрөсүң! (Саатов). Эмне дешсе, ошо дешсин. Мен өзүмдүн жылкыма ченеп ышкырамын (Тойбаев).
Абалыңды, чамаңды байка, алыңа, мүмкүнчүлүгүңө жараша иш кыл. Жылкыңа ченеп ышкыр, Советти кайсы союл менен жыга чапканы жүрөсүң! (Саатов). Эмне дешсе, ошо дешсин. Мен өзүмдүн жылкыма ченеп ышкырамын (Тойбаев). В.: Жылкыңа карап ышкыр. Жылкыңа карап ышкыргын дебедим беле?! (Жоошпаев).
к. ЖЫЛАН ЧАКПАЙ, ЖЫЛКЫ ТЕППЕЙ
Жылкы теппей, жылан чакпай эчтемеден эчтеме жок, Айдайдын уйгө кетип калышына жол болсун (Жантөшев). Жылкы теппей, жылан чакпай эмне болуп кетти сага? (Бердикеев).
ЖЫЛКЫ ТИЙҮҮ — мал чарбачылык менен тиричилик өткөрүп келген көчмөн түрк, моңгол элдеринин баатырдык эпосторунун сюжеттик курулушунда туруктуу колдонулган типтүү учурлардын бири. Ж. т. эпостун согуштук эпизоддорунун өнүгүшү үчүн олуттуу роль ойнойт.
Душман тараптын жылкысын тийип айдап жөнөшү — негизги согуштук окуянын башталышына шарт түзүп, эки тараптын колунун (аскеринин) беттешүүсүнө себеп болот. Мисалы, «Чоң казат» эпизодундагы Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барып, Ажыбайдын Карткүрөңүн калмак-кытайлардын жылкысына кошуп жиберип, айдап жөнөшү бардык вариантта салттык түрдө айтылат. Жылкынын артынан душмандар кууп келип согуш болот, эки тараптын колдору беттешип кытайлар жеңилет.
Ушундай эле Алмамбет Көкчөгө келгенден кийин ар кайсы элдерден жылкы тийип келип, Көкчөнү байытат. Айрым варианттарда (Радлов, Түштүк Кыргызстан) Алмамбет тарынып Көкчөдөн кеткен соң, Манасты ээрчитип барып анын жылкысын тиет жана башкалар Жамаатташ жашаган элдер, уруулар бир-биринин жылкысын тийип алуу — аталык-феодалдык көчмөн коомдун шартында учуроочу салттык кадыресе көрүнүш болгон.
Э. Абдылдаев
1. конепас, конский пастух; тун бакыры жылкычы страдалец ночи - конепас (среди других наёмных рабочих положение конепаса было самым высоким, а работа его - самой трудной); жылкычынын бир көргөнүн кан, бир көргөнүн ит көрбөйт погов. того, что испытывает конепас, с одной стороны, не испытывает (даже) хан, а с другой - не испытывает (даже) собака; жылкычынын ичкенин бирде ит ичпейт, бирде кан ичпейт погов. конепас иногда питается тем, что и собака есть не будет (так скверно), иногда так, что и хан не ест (так изысканно; пастухи жили впроголодь, но когда издыхал жирный конь, они его прирезывали и ели самые вкусные части); 2. трясогузка.
Жылкы кайтарган, жылкы баккан адам. Желдей учкул ат минген, Жергемдеги жылкычы (Токомбаев). Укуругун сүйрөтүп, Ышкырышты жылкычы (Токомбаев) Жылкычы болуп бээ бактың (Тоголок Молдо).
Кышында жылкыларды кыштоодон алыскы талааларда багып жүргөн колуктунун атасынын жылкычысы күйөө баланын айылына келип сурай турган кой. Салт боюнча күйөө баланын атасы ага кой же акча берген.
1. занятие или положение конепаса; 2. этн. подарок конепасу (который держит коня невесты, когда её отправляют в дом жениха); берген кыздын атын кармайбыз деп, жылкычылык алуу илгертен калган элдин салты экен держать лошадь выданной девицы и получить подарок - старинный народный обычай.
1. Жылкы багуучулук, жылкы багуу кесиби. Деп Көбөк айтып берди болгон сырын, Жыйырмага жылкычылык толгон жылын (Осмонкул). 2. этн. Күйөөгө узатарда кыздын атын алып келип аткарган кишиге күйөөсү тарабынан берилүүчү белек, акча. Күйөөгө берген кыздын атын кармайбыз деп, жылкычылык алуу илгертен калган элдин салты экен.
Селкилдеп теңселип туруучу узун куйругу бар, жылкы менен кошо жүрүүчү көк ала чымчык. А дегенде келгин куштардын кабарчысындай болуп жылкычы чымчык келди (Каимов).