Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жердин Күндү бир айланып чыгыш мезгили, 1-январдан баштап эсептелген он эки айлык убакыт өлчөмү. Он жетинчи жылында Николай тактан жылбышкан (Токтогул). Жыл жаңырып, жаңы жылга айланды (Осмонов). 2. Белгилүү бир күндөн баштап, жыл маалы болгонго чейинки он эки айга барабар убакыт. Ракман аке он бир жылы кой баккан (Осмонов). Беш жылдан соң машинада баратып, Дуушар келдим ошол жердин өзүнө (Токомбаев). 3. Кандайдыр мезгилдүү жумуш маалын, окуунун ж. б. башталып аякталган мезгилин көрсөткөн убакыт өлчөмү. Чарба жылы. Жаңы окуу жылы. Жаңы финансы жылынын башталышы. 4. Кыргыздын элдик календары боюнча он эки айбандын атына коюлган төмөнкүдөй жыл сүрүү эсеби: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу (балык), 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз. Жылымды уксам жылкы экен (Маликов). Коён жылы төрөлдү (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Багыт алып акырын козголуп жөнөө, акырын кыймылга келүү, жылжыган абалда болуу. Илбирсче Жунуш аңдып алга жылып, Баратты дөңчөлөрдү калка кылып (Токомбаев). Кой жатат төш таяна жуушап жылбай (Үмөталиев). Поезд жылып келип токтоду (Сасыкбаев). 2. Тымызын, көзгө чалдыкпаган аракетте болуу, билинбей, байкалбай жөнөп кетүү, астыртан билгизбей аракет кылуу. Канай кылмышкер кишидей үйгө жылып кирди (Турусбеков). Деги аман-эсен эле бир жакка жылып кетсек экен (Жантөшев). Жылып качты астыртан Алоокенин калмагы («Манас»). Жылып жүрүп бардык ишти бүтүрдү (Бейшеналиев). 3. Ордунан козголуп, сыйлыгышып жылбышып кетүү. Жууркандын жүнү жылып кетиптир. 4. Илгерилөө, аз-аз жылыш, өзгөрүш бар экендиги билинүү. Иши алга жылды.