Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сөңгөктүү келип бутактанып, айрым-айрым өзүнчө түп алып чыгуучу карагай, кайың, тал, алма сыяктуу бийик өсүүчү өсүмдүктөрдүн, ошондой эле сөңгөгү бир кыйла жоон келип бадал түрүндө чыгуучу көп жылдык өсүмдүктөрдүн жалпы аты, бак-дарактарга карата колдонулуучу жалпы ат, бак. Адам көрүп тааныгыс, Ар жыгачтын баары бар (Токтогул). Орноптур токой совхозу, Бапестеп баккан жыгачты (Үмөталиев). Байчечекей гүлдөгөн, Жыгачтын баары бүрдөгөн (Тоголок Молдо). Мөмө жыгачынын эң картаң дегени береги алма жыгачы (Сыдыкбеков). 2. Ушундай өсүмдүктөрдүн устун, тактай ж. б. түрүндөгү ар кандай керектөөлөргө жумшалуучу, эмеректер жасалуучу, оттун жана курулуш материалдары катарында колдонулуучу бөлүгү. Таштанбек чал сарайчасынын алдына барып көпкө чейин жыгачтан жыгач тандады (Убукеев). Ийри жыгач түз болот, тезге салып мордосо (макал). Эңкейип чок үстүнө жыгач таштап, Олтурат эки койчу маектешип (Шүкүрбеков). || Нерселердин, буюмдардын ж. б. ушундай материалдан жасалгандыгын, тегин билдирүүдө колдонулат. Эки лом, беш жыгач күрөк даярдагыла (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү.
      Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип, жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамды имерчиктете турган эски нускал5ры азыркы муундарга эң эле аз санда жетүүдө. Айыл арасынан азыр мындай мурастарды чала-чарпын гана кездештиребиз. Көбүн эсе мунун айрым үлгүлөрүн эмки муундар музейлерден учуратууда. Жыгачтан көркөм буюмдарды жасоо салттарын, айрыкча, жемиш-дарактарынын чордону Түштүк Кыргызстандын аймагынан бир аз табууга болот.
      Жыгач оюмдары элибиздин кол өнөрчүлүгүнүн көркөмдүктү көздөгөн башка чыгармачылык түрлөрү менен бөтөнчө байланышта көрүнөт. Мындай үндөштүктөр, төтөн, кийиздин, темирдин беттерине түшкөн оюм-чийимдерден даана көрүнөт. Жыгачка гана таандык кооздуктун өзүнчө касиети бар. Мында чебер менен жыгачтын, адамзат жана жаратылыштын бири-биринен ажырагыс мыйзам ченемдүүлүгү бар. Жыгачты иштетип жатканда буркураган аромат жыт уруп, кандай оюм-чийим түшөөрүн өзү айтып турат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күйөө баланын атасы тарабынан даярдалган боз үйдүн сөөгүн колуктунун айылына жеткирүү салты. Кудалаган кызды алып кетердин алдында узак мөөнөткө шаан-шөкөт менен берилүүчү тойдун керектүү чыгымдарын күйөө бала тараптан кыздын атасынын айлына ташып келүү. Аны кой эти, боорсок ж. б. татымалар менен күйөө бала жана анын ата-энеси коштоп барган. Калыйчанын кайыны эми кызды алганы жыгач түшүрүп кетишти (Сыдыкбеков). Арадан ай өтпөй кудалар жыгач түшүрүштү (Сыдыкбеков). Аа мен кудалап, жыгач түшүрүп, эсиртпейм, – дейт Адыке (Сыдыкбеков). В.: Жыгач жүктөө. Менин кайним багыш Байназар Жыгач жүктөп, мал айдап, Үй-жай келген тоюнда (Үсөнбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кудалаган кызды алып кетердин алдында узак мөөнөткө шаан-шөкөт менен берилүүчү тойдун керектүү чыгымдарын күйөө бала тараптан кыздын атасынын айлына ташып келүү. Арадан ай өтпөй кудалар жыгач түшүрүштү (Сыдыкбеков). Аа мен кудалап, жыгач түшүрүп, эсиртпейм, -дейт Адыке (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
(жыгаччы) — Жыгачтан ар кандай салттуу буюмдарды жасоочу чебер. «Уукчу», «Керегечи» боз үйдүн уук-керегесине, босого-таягына узанат. «Түндүкчү» жалаң боз үйдүн түндүгүн кармайт. «Ээрчи» — эр ээрин, айырмачты, ыңырчакты, «Кырмачы» — табакты, чараны, аякты, челекти, сузгуну, чөйчөктү, кашыкты, сокуну, чыны кутуну, бишкекти, «Тактачы» — сандыкты, үкөктү, жагданды, жүк тактаны, саба тактаны, чанааны, чийнени, чарпаяны, «Комуз уста» — комузду, кыякты, чоорду, тактекени, добулбасты, жыгач ооз комузду, темир комуздун кутучасын жасайт.
      Европа элдеринде жыгаччыларды «ак жыгаччы», «кызыл жыгаччы» деп даңазалап, чеберчиликтерин дааналап бөлөт. Кызыл жыгаччы — өнөрдүн эң жогорку чеги. Мындай мамиле чыгармачылыкты, өнөрдүн өсүшүн, ага жасалган камкордукту далилдейт. Биринен бири үлгү алып, устасынан ашып түшкөн шекирттери жыгаччылыктын суусун ичкен айлакер чеберлер болуп саналат.