Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колунда жок, жоксуз, жарды, кедей. Жону жука болгон менен акылга, адамкерчиликке калбаат тегирменчи ынагын уят-карбоо үчүн баралы де да (Бейшеналиев). Жонуңар жука экенин билип турганда, жок намыстын кереги эмне? - деди Зуура (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда жок, жарды, оокат-тиричилиги жетишсиз. Жокчулуктан жонуңар жука болуп турганда жок намыстын кереги эмне? (Убукеев). Жону жука болгон менен акылга, адамкерчиликке калбаат тегирменчи ынагын уяткарбоо үчүн баралы деди (Бейшеналиев). Жонуңар жука экенин билип турганда, жок намыстын кереги эмне? – деди Зуура (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Арыктоо, этинен түшүү, азып-тозо баштоо, начарлай баштоо. Жаз катаал болуп, койлордун жону жукарып калды («Советтик Кыргызстан»). 2. Колунда жок, жоксуз абалга келүү, кедейленүү, жардылануу. Элдин жону жукарып, арыз айтуулар, нары карап күңкүлдөп сөгүнүүлөр күндөн-күнгө көбөйүп баратат (Касымбеков). Колдо эч нерсе жок жонубуз жукарып турган кез («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Арыктоо, этинен түшүү, азып-тозо баштоо, начарлай баштоо. Жаз катаал болуп, койлордун жону жукарып калды. 2. Колунда жок, жардылык абалга келүү, кедейленүү. Элдин жону жукарып, арыз айтуулар, нары карап күңкүлдөп сөгүнүүлөр күндөн-күнгө көбөйүп баратат (Касымбеков). Колдо эч нерсе жок жонубуз жукарып турган кез («Ала-Тоо»).