1. Тери. 2. Бүткөн бой, дене. Адам турмуштун ысык, суугун өзүнүн жон териси менен сезмейинче аны жакшы тааный албайт тура («Кыргыз руху»). Өлүм коркунучу эмне экендигин ошондо жон терим менен сезгендей болдум («Ала-Тоо»).
Кийимди жактырбаганда кийбесең кийбе, кийүүнү каалабасаң өлүп кет деген мааниде колдонулат. Жон териңди кий, сага мындан артык кандай неме жагат, - деп, атам күпүлдөй баштады («Ала-Тоо»).
Кийимди жактырбаганда кийбесең кийбе, кийүүнү каалабасаң жылаңач жүр деген мааниде колдонулат. Жон териңди кий, сага мындан артык кандай неме жагат, – деп, атам күпүлдөй баштады («Ала-Тоо»).
Абдан катуу жазалоо, уруп-сабоо, сазайын окутуу, жазасын колуна берүү, кыйноо. Эмне карап турасың! Соккула! Жон терисин сыйыргыла! - деп ортодогусу булдурсун менен тартып, тартып ийди (Бейшеналиев). А бүгүн кылмыш кылсаң демек, Ал үчүн жон териңди сыйруу керек (Борбугулов).
Абдан катуу жазалоо, уруп-сабоо, сазайын окутуу, жазасын колуна берүү, кыйноо. Эмне карап турасың! Соккула! Жон терисин сыйыргыла! – деп ортодогусу булдурсун менен тартып, тартып ийди (Бейшеналиев). А, бүгүн кылмыш кылсаң демек, Ал үчүн жон териңди сыйруу керек (Борбугулов).