ЖЕТИ АТАСЫН КӨЗҮНӨ КӨРГӨЗҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эсине келгидей кылып жазалоо, сазайын колуна берүү. Мен азыр барып Сасыкбайдын жети атасын көзүнө көргөзөйүн, - деди Кебек карыя (Байтемиров). Арзыкулда эмнеси болсо да бул кемпирдин жети атасын көзүнө көргөзөйүн деген ой туулду (Байтемиров). Уятсыз макоо! Кемпир жети атамды көзүмө көрсөттү дегиң келбейт экен да! («Ала-Тоо»).