Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тиричиликке жана чарбачылык иштерин жүргүзүүгө ылайык шарттары менен бирге жалпы эле жерлерди, тоолорду, өзөндөрдү ж. б. жалпылоо иретинде колдонулат. Кедейлер жер-сууга ээ болгон заман. Жери-суусун сагынбай, жеңем аман жүрөбү («Семетей»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан сүйүнүү, көңүлү көтөрүлүп, абдан толкундануу, көңүлү ачык, жайдары абалда болуу. - Өзүм адам кейпине келип, кызматым гана тургай, бүт турмушум сонун боло баштаган үчүн жер-сууга батпай жүрөм (Эсенкожоев). Балалуу болгонумда жер-сууга батпай, көңүлүм кушбак болуп жүрдүм (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан сүйүнүү, көңүлү көтөрүлүп, абдан толкундануу, көңүлү ачык, жайдары абалда болуу. – Өзүм адам кейпине келип, кызматым гана тургай, бүт турмушум сонун боло баштаган үчүн жер-сууга батпай жүрөм. (Эсенкожоев). Балалуу болгонумда жер-сууга батпай, көңүлүм кушбак болуп жүрдүм (Абдукаримов). В.: Жерге батпоо. Калпа ажынын билермандарынын көзүнчө көтөрө чалганына, Бошкой жерге батпай калды (Бейшеналиев). Сабыр чоң атасынын мактаганына жерге батпай кетти (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу бакыруу, бакырып-өкүрүп катуу үн чыгаруу, кыйкыруу. Бир жылдан берки мээнетим канакей?! – деп Мария жер-сууну бузуп, Шволикти улам демите берди (Ашымбаев). В.: Жер- сууну жаруу. Аңгыча аялдын жер-сууну жарып чаңырганы жан бүткөндү жай-жайынан козгоду (Ашымбаев).