Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ушул жерлик, мурдатан ушул жерде туруктуу жашап келген, башка жактык эмес. Жергиликтүү эл. Чаңкайган ак сарай үйлөргө алды менен жергиликтүү бечараларды орноштурушту (Элебаев). Кербен сарайда конгон кишилердин кимиси жергиликтүү, кимиси келгин экенин билбейсиң (Абдукаримов). 2. Белгилүү бир жайга, территорияга гана мүнөздүү болгон, ошого таандык (көрүнүш, салт ж. б. карата). Жергиликтүү тил. Жергиликтүү салт. || Жалпы мамлекеттик эмес, белгилүү территорияга, районго таандык, ошол чөйрөгө тиешеси бар. Жергиликтүү уюмдар. Жергиликтүү бийлик. Жергиликтүү совет. || Башка жактан алынып келбеген, ушул жердин өзүндө өндүрүлгөн, даярдалган, ушул жерде мурдатан бар болгон. Жергиликтүү товарлар. Жергиликтүү сырье. Жергиликтүү өнөр жай.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН ЧЫГАШАЛАРЫ – жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын максаттарын жана милдеттерин каржылык жактан камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТ – айылдык, кыштактык, шаардык кеңештердин аймактарында туруктуу жашаган, өзүнүн өкүлчүлүктүү, аткаруучу-бөлүштүрүүчү жана башка органдары аркылуу жергиликтүү маселелерди чечүүнү өз жоопкерчиликтерине алган, жалпы кызыкчылыктар баш коштуруп турган калк.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖЫЙЫМДАР – КР мыйзамдарына ылайык бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан жарандардан, уюмдардан аларга кызмат көрсөтүүлөргө, же аларга бир жолку аткарылуучу бир ишти жүзөгө ашырууга укук берүүгө байланышкан чыгымдардын ордун жарым-жартылай толтуруу үчүн белгиленген төлөмдөр. Ж. ж-дын тизмеси атайын мыйзам менен аныкталган. КР мыйзамында төмөндөгүдөй жыйымдар аныкталган: а) ит ээлеринен алынуучу жыйымдар; б) коммерциялык максаттарда өткөрүлүүчү жергиликтүү конкурстарды жана көргөзмөлөрдү, аукциондорду жана лотереяларды өткөрүү укугу үчүн жыйымдар; в) автоунаа каражаттарын коюп коюудан жыйымдар; г) чийки зат-соода сатык биржаларында түзүлгөн бүтүмдөрдөн алынуучу жыйымдар; д) калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташыгандыгы үчүн жыйымдар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КООМЧУЛУКТУН МҮЧӨСҮ – административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашап турган жана жергиликтүү коомчулук менен өзара милдеттенмелер менен байланышкан адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ КЕН-БАЙЛЫКТАР – кору (запасы) жакын жайгашкан жергиликтүү керектөөчүлөрдү гана камсыз кыларлык, кеңири таралган жана башка металл эмес (көмүр, гипс, туз кени, өзү уюган күкүрт, тальк жана пирофиллит, графит) пайдалуу кен байлыктары чыккан жер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ – КРде жергиликтүү бирлештиктердин бийлик органынын өкүлчүлүктүү (кеңештер) жана аткаруучу (мэрлик, шаар башкармалыктары, айыл өкмөттөрү), ошондой эле жарандардын түздөнтүз катышуулары аркылуу жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу укугу жана иш жүзүндөгү чыныгы жөндөмдүүлүгү. Ж. ө. б. органдары, эреже катары, мамлекеттин бийлик органдарынын тутумуна кирбейт, бирок ишке ашырылышы мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө туруучу бир катар мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ болот.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН АТКАРУУ-ТЕСКӨӨ ОРГАНЫ – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органынын чечимдерин даярдоо жана аткаруу, белгилүү бир аймакта аткаруу бийлигин жүргүзүүчү мамлекеттик ыйгарым укукту камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Ж. ө. б. а.-т. о. айыл өкмөтү, шаар башкармалыгы жана мэриялар болуп эсептелет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН КЫЗМАТ АДАМЫ – жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында такай же убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн иш-милдетин ишке ашыруучу, же болбосо уюштуруу-тейлөө-тескөө, административдик-чарбачылык иш-милдетин аткаруучу адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ОРГАНЫ – КР мыйзамдары боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруунун тийиштүү административдик-аймактык бөлүнүштүн эли тарабынан түздөнтүз шайлануучу жана жергиликтүү маанидеги иштерди чечүү ыйгарым укугу берилген жамаатык орган. Ж. ө. а. б. о. жарандардын кызыкчылыктарын жактоо жана анын атынан муниципалдык түзүлүштүн аймагында колдонулуучу чечимдерди кабыл алуу укугуна ээ. Айылдардагы, кыштактардагы, шаарлардагы, райондордогу жана облустардагы Ж. ө. а. б. о. жергиликтүү кеңештер болуп эсептелишет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН ШАЙЛАНА ТУРГАН КЫЗМАТ АДАМЫ – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө ыйгарым укук берилип, жергиликтүү тургундар же жергиликтүү кеңеш тарабынан шайланган адам.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иштерди өз жоопкерчилигине алуу менен чечүү үчүн калктын өзү тарабынан түзүлгөн өкүлчүлүктүү, аткаруу-тескөө жана башка органдар. КРде Ж. ө. б. о. өз ээлигинде, пайдалануусунда жана тескөөсүндө муниципалдык менчикке ээ болот. Ж. ө. б. о. аларды ишке ашырууда зарыл болгон материалдык, каржылык ж. б. каражаттарды өткөрүп берүү менен айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарга ээ боло алышат. Өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктар боюнча Ж. ө. б. о. мамлекеттик органдарга эсеп беришет. Жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруу-башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү, шаар башчылары, мэриялар), аймактык коомдук өзалдынча башкаруу органдары, калктын өзү тарабынан түзүлгөн башка органдар, ошондой эле жарандардын жыйындары жана чогулуштары Ж. ө. б. о. болуп саналат. Ж. ө. б. о-нын тутуму КР административдик-аймактык бөлүнүшүнө ылайык курулат. КРде Ж. ө. б. о. конституциялык жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган иштерди жасоого, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирген жана күч колдонуу менен коштолуучу улуттар аралык жана диний каршылашууларды тутандыруучу, массалык тартип бузуучулукту уюштурууну үгүттөөгө акысы жок. Тийиштүү органдар тарабынан көрсөтүлгөн аракеттер жасалганы аныкталган учурларда КР Президенти Ж. ө. б. о-дын жана ага күнөөлүүлөрдүн ишмердигин токтотуп коюуга жана ошол аймакка түз мамлекеттик башкаруу киргизүүгө акылуу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАН ЗАЙЫМЫ – зайым келишимин түзүү же муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу жолу аркылуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынып, ал боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кайта кайырып берүү жана/же колдонгондугу үчүн үстөк пайызын төлөө милдеттенмеси менен акча каражатын ала турган келишимдик мөөнөттүү милдеттенме.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ САЛЫКТАР – өз ишмердүүлүктөрүн өздөрүнө баш ийген аймактарда жүзөгө ашырып жатышкан жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары – жергиликтүү кеңештер аныктаган тартипте жана шарттарда салык төлөөчүлөр тарабынан жергиликтүү бюджетке төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр. Ж. с. жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жеке жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджетке алынуучу салык төлөмдөр тутумунун бир бөлүгү болуп саналат. Ж. с. тизмеси атайын мыйзамда аныкталган жана анда каралбаган башка салыктарды киргизүүгө жол берилбейт. Ж. с. өлчөмү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет. КР Салык кодексинде төмөнкү Ж. с. белгиленген: а) курорттук салык; б) кыймылсыз мүлк салыгы; в) жарнама салыгы; г) кумаржай салыгы; д) чекене соода жана калкка акылуу кызмат көрсөтүү салыгы; е) пайдаланылбай турган өндүрүштүк жана соода-турмуш тиричилик аянттарынан же алардын бир бөлүгү үчүн салынуучу салык; ж) жергиликтүү символиканы пайдалануу укугу үчүн салык; з) күнөскана шарттарында гүл өстүрүп, элге сатуучу жарандардан алынуучу салык; и) мейманкана салыгы; к) балык уулоо жана аңчылык кылуу укугу үчүн салык; л) алыскы чет өлкөлөргө чыгуучу туристтерден алынуучу салык; м) унаа каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык; н) көрмө салондордон жана көңүл ачуучу-концерттик ишчараларга салык салуу. Чарба жүргүзүүчү баардык субъекттер, чет өлкөлүктөрү дагы, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын аймактарында тигил же бул ишмердүүлүктү жүзөгө ашырып жатышкан жарандар Ж. с. төлөөчүлөр болуп саналышат. Кирешелер; белгилүү товарлардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасы; салык төлөөчүлөрдүн айрым ишмердүүлүктү түрлөрүнө укуктары жана мыйзам актылары менен белгиленген жана башка объекттер салык салуунун объекттери болуп саналат. Юридикалык жактар Ж. с. банк мекемелери аркылуу накалай эмес эсептешүү тартибинде төлөшөт. Жеке жактар аларды накалай каражат түрүндө Аманат банк мекемелерине же башка калктан төлөмдөрдү алуу милдети тагылган мекемелерге төгүшөт. Ал каражаттарды салык органдарынын алуусуна жол берилбейт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ СИМВОЛДОРДУ ПАЙДАЛАНУУ САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Юридикалык жактар дагы, жеке жактар дагы – тийешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү символдорду (энтамгалар, шаарлардын, жерлердин, тарыхый эстеликтердин көрүнүштөрү) пайдаланган аргандай өнүмдөрдү өндүрүүчүлөр салык төлөөчү болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШЕРИКТЕШТИКТИН УСТАВЫ – мыйзамдарга ылайык иштелип чыгып жана кабыл алынып, жергиликтүү маанидеги иштерди жөнгө салуучу жергиликтүү шериктештиктин укук документи.