Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир жер, өлкө, аймак. Берекелүү Ала-Тоо Жергемден салам айтамын (Үмөталиев). Бактылуу элдин жергеси, Менин сүйгөн республикам (Үмөталиев). || Конуш, турак-жай. Жергеси короо, жети бак, Кандай хандын ордосу («Сейтек»). Конушу шибер көпкөк чөп, Келишкен экен жергеси (Токтогул). 2. Эл-журт, ага-тууган, айыл-апа. Нусканы өзүң үчүн кылба, жергең үчүн кыл (Жантөшев). Желикпегин Канчоро, Жергеге эсен жетелик («Сейтек»). Тобуңдан кетсем аман бол, Толгон кыргыз жергеси (Токтогул). || Белгилүү бир чөйрөдөгү адамдар, айлана-тегеректегилер. Жергеси чарчап болгону, Алты күн тартып толгоону («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлгөн адамдын кийим-кечесин чечиндирип көмгөнгө чейин коё турган ордуна жайгаштыруу (боз үйгө же башка жайга). Өлүктү жерге алып койгондон кийин, өлүк каадасы кылып жакындары жоктой баштады («Ала-Тоо»). В.: Чийге алып коюу. Өлүктү чийге алып коюптур.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көмүү, сөөктү жерге коюу. Түш оогондо Чорону жерге беришти (Айтматов). Далай баласын жерге берип, жүрөгү калган энеде жан жок (Укаев). В.: Жерге жайгаштыруу. Жолонду жерге жашыргандан бери төрт күн өттү (Жоошбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйып кетпөө, эстен чыгарбоо, айтылган сөздү же өтүнүчтү унутуп койбой орундатуу. Ошол эл-жер жөрөлгөсүн жерге калтырбай эмки жаштар силер, айыл даңкын чыгарып жатасыңар (Жусупов). Досуң сени эч качан жерге калтырбайт. В.: Жерге таштабоо. Ал силерди эч качан жерге таштабайт, – деп Алымкул да толкундана сүйлөдү (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тилдөө, жемелөө же жактырбоо маанисинде колдонулат. Бала болбой жерге кир, карган ата-энеңе боор оорусаң боло! - деп, эжем мени уруша баштады («Ленинчил жаш»), Малың менен жерге кир. Малың башыңда калсын, - деп апасынын каргап-шилеген сөздөру улагына даана угулду (Мырзаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тилдөө, жемелөө же жактырбоо маанисинде колдонулат. Бала болбой жерге кир, карган ата-энеңе боор оорусаң боло! – деп, эжем мени уруша баштады. Малың менен жерге кир. Малың башыңда калсын, – деп апасынын каргап-шилеген сөздөрү кулагына даана угулду (Мырзаев). Айтканымды азыр бил, Малың менен жерге кир! («Эр Төштүк»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге катуу уят болуу, аябай уялып баш көтөрбөө, эмне кыларын билбей өтө кыжалат болуу. Акбала жерге кирип кете жаздады (Укаев). Ал досунун бул сөзүн укканда укса да укпамышка салып, жерге кирип кете жаздады (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге катуу уят болуу, аябай уялып баш көтөрбөө, эмне кыларын билбей өтө кыжалат болуу. Акбала жерге кирип кете жаздады (Укаев). Ал досунун бул сөзүн укканда укса да укпамышка салып, жерге кирип кете жаздады (Абдукаимов). Атамдын кеңешин жерге калтырбай тил алдым (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көбүнчө бир нерсени жактырбагандай, жек көргөндөй мааниде таңыркоо, таң калуу. Анын бул кылыгын кайнатасы угаары менен жерге түкүрдү (Ашымбаев). Орозбайдын бул жоругуна таңыркаган эл жерге түкүрүп, толкуя токтогон (Өгөбаев).