ЖЕР КАРОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир нерсеге кыжалат болгондой шылкыюу, оңтойсуз абалда болуу, баш көтөрбөө, уялып бирөөгө тике карай албоо. Мүмкүн Ысак өзү болгондо планды мынчалык көкөлөтпөй эле алына чактап кабылдамак, эми минтип эл алдында жер карап отурабыз (Исмаилов). Ачууга алдырганын, ал. Эртең эле жер карайсың (Айтматов). Футбол талаасын өз күчүбүз менен куруп алабыз деген аракетибиз оңунан чыкпай, жер карап калдык («Советтик Кыргызстан»). Бир чети уялганынан жер карап, бир чети ороюраак болсо да арам сапаты жок тамашаны Данияр чын көрүп, көңүлүнө жакын алганын жактырбай келе жаттык (Айтматов).