1. миф. баба-яга;
жети баштуу желмогуз семиглавая баба-яга;
жети баштуу желмогуз болот, анын жети башын тең кыя чапмайынча өлбөйт есть семиглавая баба-яга, она не умрёт, если не отрубить семь её голов;
2. перен. обжора.
зат. 1. Жок нерсеге ишенген адамдардын түшүнүгү боюнча: адамды жеп-жутуп жиберүүчү коркунучтуу жаныбар. Жалгыз көздүү желмогуз Колунда турам, көрдүңбү, Төштүк! («Эр Төштүк»). Ажыдаар болуп атырылат да, Желмогуз болуп умтулат (Шүкүрбеков).
2. Түрү суук, балакет; ырайымсыз, жырткыч. Диндин өкүлдөрүн Токтогул желмогуздай көргөн (Бөкөнбаев). Жалгызынан айрылган Желмогуз кемпир дедирдиң («Эр Табылды»).
ЖЕЛМОГУЗ (түрк-моңголчо) — мифтик жандык. Көп элдердин фольклорунда киши кебетесиндеги Ж-дун образы кезигип, ал көпчүлүк учурларда башкы оң каармандар менен согушат. Адам баласынын байыркы мезгилдеги түшүнүгүнө байланышкан Ж-дун образы көп белгиси, аткарган кызматы жагынан түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларында негизинен бирдей, окшош. Ал тургай мифтик бул кейипкердин ысымынын аталышынын үндөштүгү да алардын образынын теги бир экендигин айгинелейт. Мисалы, кыргыз мифологиясындагы Ж. казактарда «желмауз», өзбектерде «ялмогиз», алтайлыктарда «моңуз» («моос», «маңыз»), туваларда «маңгыс» («моос»), хакастарда «моос», моңголдордо «маңгас» («мангус»), буряттарда «мангадхай» деп аталат. Ж. элдик чыгармаларда тектеш, типтеш чагылдырылган менен көркөм образ катары улуттук мүнөздөгү айырмачылыктарга ээ. Алар дайыма элдик баатырларга каршы туруп, кыянаттык кылат. «Манас» эпосунун «Сейтек» бөлүмүндө чагылдырылган Желмогуз уулу Сарыбай дөө менен болгон күрөш (Курама варианты, «Сейтек», 210—229) бөтөнчө көркөм сүрөттөлүп, Ж-дун типтүү образы мүнөздөлөт. Ж-га каршы күрөш поэманын баатырдык багытын жогорку бийиктикке чыгарат. Сарыбай желмогуздун жеңилиши адилетсиздикти акыйкаттык, жамандыкты жакшылык жеңиши, эл мүдөөсүнүн жүзөгө ашышы болуп эсептелет. Бул сыяктуу жомоктук мифологиялык мотивдер Ж-дун эпосто чагылышын, учкул кыял көркөм сөздүн мыйзамына ылайык апыртмалуу, укмуштуу-кереметтүү жагдайда (сыпатта) баяндалышын көрсөтүп турат.
С. Алиев
1. Кыргыз, казак, элдеринин оозеки чыгармаларында картаң кемпир кебетесиндеги көпчүлүк учурда жети баштуу тири укмуштуу мифтик жандык. Байыркы түрк тилинде жел – карасанатай дух, жин-шайтандуу жандык. Бир желмогуз өттү деп («Манас» С. О.). Соргон сайын желмогуз түк тойбоду, Жумуруна али жук болбогондой (Үмөталиев). Жалгыз көздүү желмогуз, Колунда турам, көрдүңбү, Төштүк! («Эр Төштүк»). Жез кемпир сурап алып өгөөнү, Желмогузга бериптир, Төштүк («Эр Төштүк»). 2. өт. Түрү суук, ачкорок, соргок, залим, опкок, мыкаачы. Жалгызынан айрылган, Желмогуз кемпир дедирдиң («Эр Табылды»). Жетилип, кедей, кутулдуң, Желмогуздун оозунан (Токтогул). Желмогуз жетим тойбойт деп, Жек көрүмчү болорсуң (Осмонкул).