Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАПАК — эпизоддук кейипкер, Ногойдун иниси Шыгайдын уулу, Манастын аталаш тууганы. Алтайда Жакып Манаска ата-тегин, туш-тушка чилдей тарап кеткен туугандары тууралуу билдиргенде Ж-тын кабарын айтат (Сагымбай Орозбаков, 1. 137). Алооке кыргыздарды чапканда Шыгай Алай тарапка сүрүлүп, уулу Ж. Коңурбай менен бирге өсөт. Байжигит Алтайга кайра көчмөкчү болуп ажыраш аяк той берүүгө камданат. Байжигиттин тоюна камданып келсин, Манастын көзүн тазалайбыз деп, Ж. Коңурбайга Алымбекени жөнөтөт. Коңурбай жок, Алооке азыр Манаска алыңар жетпейт, андан көрө Коңурбайды чаап алалы деп Манасты азгырып эли-жеринен алыс алып чыксын деген жооп берет. Байжигиттин тоюнда Манастын көзүнө бир көрүнүп коймокчу болуп чатак чыгарган Ж-ты Көкчөкөз өлтүрөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 439).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боорукер, элпек, күйүкчөөл, илбериңки. Мындай балдар кишинин ичи-коюнуна киргич, жапакеч болбойбу (Айтматов). Жолой Жолдошевич кишилерге ого бетер жапакеч, жайдары көрүнгүсү келди (Каимов). 2. Эмгекти сүйгөн, эмгекчил, түйшүкчүл, мээнеткеч. Урунган ишинин майын чыгара иштеген жапакеч карыя.