Киргизско-русский словарь Юдахина
распластаться; сплошь покрыть, закрыть, широко разлиться;
жерди суу жайпап кетти вода сплошь залила землю;
жер жайпаган козулар множество ягнят, которые сплошь покрыли землю;
жер жайпаган көч массовая кочёвка несметного числа людей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин бетин каптоо, каптай жайылуу (көбүнчө сууга карата). Алдастап, мөңкүп, оргуштап, Сай жайпап суулар киргенде (Бөкөнбаев). Жаткан экен Ысык-Көл, Толкуну жайпап төгүлүп («Эр Табылды»). 2. Өтө көп болуп көрүнүү, көп болуп каптап кирүү, жайыла кирүү. Түркүн-түркүн сан жылкы, Жерди жайпап калыптыр («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Тайпак, терең эмес; жалпак. Аял унчукпай гана жайпак табактагы боорсокту чаранын жанына тартты (Абдумомунов). [Койчу].. бир жайпак таш таап келип, анын бетине сүттөн куюп берди (Сасыкбаев).