Кылган кылмышы, айыбы, күнөөсү үчүн катуу жазалоо, запкы көрсөтүп, уруп-сабоо, сазайын берүү. Мен бул иттин жазасын колуна берем (Ка-имов). Жазасын колуна бердим, өчүмдү алдым, - деди Айсулуу башын көтөрүп (Баялинов). - Ой, шордуу, азыр бекин! - жазаңды гана колуңа беришет (Каимов).
Кылган кылмышы, айыбы, күнөөсү үчүн катуу жазалоо, запкы көрсөтүп, уруп-сабоо, сазайын берүү. – Шашпа Чоро эмес дөө болсоң да жазаңды колуңа беремин (Касымбеков). Мен бул иттин жазасын колуна берем (Каимов). Жазасын колуна бердим, өчүмдү алдым, – деди Айсулуу башын көтөрүп (Баялинов). – Ой, шордуу, азыр бекин! – жазаңды гана колуңа беришет (Каимов). В.: Жазасын берүү. Байлардын жазасын берүүгө элди үйрөтүп жүргөндөр да ошолор (Баялинов). – Ант ургур. Териңди тескери сыйыртып, жазаңды берейинби (Бейшеналиев). Жазасын тарттыруу. – Кызыталак Тоголок Молдонун бүт койдуулаты үчүн жазасын тарттырсакпы (Бейшеналиев).