Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕНЕ ЖАЗА – байыркы жана орто кылымдардагы укуктарда соттолуучуну уруп-сабоо менен азап көргөзүү чарасы. Мүчөгө зыян келтирүүчү – тил кесүү, таноо жыруу, манжа кыркуу ж. б.; кыйноочу – шапалак, камчы, тал менен сабоо, балак алуу; шылдыңдоо – мазак түркүгүнө байлоо, тамга салуу болуп бөлүнгөн. Биркатар европа өлкөлөрүндө ХХ кылымдын башына чейин сакталып келген. Россияда 1863-жылы жарым-жартылай алып салынган, 1904-жылы кылмыш жаза катары такыр жоюлган. Азыркы учурда Д. ж-сы кээбир өнүгүп келе жаткан, өзгөчө шарият колдонулган мамлекеттерде колдонулууда.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсеге эрки жок, кыңк этпей баш ийген, каалаган буйрукту аткаруучу, өмүр бою бирөө үчүн иштеген адам. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин («Манас»). Алардан калган балдарды, Дене кул кылып алганы («Манас»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эч нерсеге эрки жок, кыңк этпей баш ийген, каалаган буйрукту аткаруучу, өмүр бою бирөө үчүн иштеген адам. Калың кара журтуңду, Дене кул кылып кетпесин (“Манас”). Алардан калган балдардыДене кул кылып алганы (“Манас”).