Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ооруларды айыктыруу, дарылоо, алдын алуу жана ооруларды болтурбай коюу максатында жасалган зат. Ооруп жүрөм. Азыр эле дары ичтим (Каимов). Ким деген доктор дарылады, кандай дары берди? (Бейшеналиев). Апы деген бир дары, Акыректин түбүнө, Азыр сыйпап алды эле («Эр Төштүк»). 2. өт. Даба, айла, амал, себеп. Билсең, Кычандын дарысын таптык (Бейшеналиев). Каарым келип какайдым, Казыр табам дарысын («Эр Төштүк»). Тапсаңчы жүрөк дарысын.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Атууда же жардырууда колдонуу үчүн атайын жасалган тез тутангыч зат. Дарысын ийлеп, ок куюп, Даярланып кырк жигит («Эр Табылды»). Сатар кош оозду асынып чачма менен дарыны арбын алган (Таштемиров). Батыйдын бригадасындагылар дары коюп, жардырган таштарды кашаттын алдына кулатып жатышты (Сасыкбаев).