БүТКөН БОЮ ДүР ДЕЙ ТүШүү
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Капысынан, күтүлбөгөн жерден кандайдыр бир жагымсыз нерсени көргөндө, же жагымсыз начар кабарды укканда чочуп кетип денеси жыйрыла түшүү. Байкабай отуруп анын жүзүн көргөндө бүткөн боюм дүр дей түштү («Ала-Тоо»). Ошенткен сайын бүткөн боюм дүр дей түшүп жатты (Жоошбаев). Кубарган эки нерсе кардын үстүндө сойлоп бара жаткансыганда, анын жүрөгү болк этип, бүткөн бою дүр дей түштү (Жантөшев). В.: Бүткөн бою дүр этүү. Карышкырдын өлүгүн көргөндө бүткөн бою дүр этип, тизелери калтырап кетти (Жигитов). Ракыя айтар замат бүткөн бою дүр этип ысый түштү да, кайра, «койчу»! деп алды (Мидин). Бүткөн бою дүркүрөө. Ошол замат жүрөгү шуу дей түшүп, бүткөн бою дүркүрөп, жаны оозуна тыгылды (Жигитов). Бала болсом да согуш деген түрү суук сөздү укканда бүткөн боюм дүркүрөп кетет (Бердикеев). Бүткөн бою дүрүлдөө. Ушундан кийин мышыкты көрсөм эле итатайым тутулуп, бүткөн боюм дүрүлдөй түшөт (Борбиев). Бою дүр дей түшүү. Аны укканда боюм дүр дей түштү (Осмоналиев).