1. сравн. ст. от прил. большой -тон чоң;
город Фрунзе больше Токмака Фрунзе шаары Токмоктон чоң;
2. сравн. ст. от нареч. много 1 артык, көп;
в апреле я заработал на сто рублей больше, чем в марте март айына караганда апрелде мен жүз сом артык таптым;
3. нареч. (сильнее) көбүнчө, көбүрөөк;
это мне больше нравится бул мага көбүрөөк жагат;
4. в отриц. предложениях (далее, вперёд) эми, мындан ары, мунун үстүнө, мындан кийин;
больше не могу пить мунун үстүнө дагы иче албайм;
я больше не поеду к нему мен мындан ары ага барбаймын;
больше того анысы аз келгенсип, ал гана эмес, ал эле эмес;
как можно больше мүмкүн болушунча көбүрөөк.
артыгыраакартыккөбүрөөкчоңураак
зат. Пролетариаттын революциялык кыймылынын жана капиталисттик коомду революциялык жол менен коммунисттик коомго айландыруунун В. И. Ленин тарабынан иштелип чыккан, орустун жана эл аралык жумушчу табынын күрөшүнө негизделген теориясы жана тактикасы.
тар. В. И. Ленин тарабынан иштелип чыккан пролетариаттын революциялык кыймылынын жана капиталисттик коомду революциялык жол менен коммунисттик коомго кайра куруунун теориясы менен тактикасы.
большевик;
партияда бар жана партияда жок большевиктер партийные н непартийные большевики;
большевикче по-большевистски.
зат. Большевиктик партиянын мүчөсү (алгачкысы: 1903-жылы партиянын 11 съездинде В. И. Лениндин жетекчилиги астында түзүлгөн Россиялык социал-демократтык жумушчу партиясынын көпчүлүккө ээ болгон революциялык тобунун мүчөсү); большевизмдин ишин улантуучу, коммунист.
большевик, большевиги,
большевикке
тар. Большевиктик партиянын мүчөсү.
большевистский;
большевиктик сын большевистская критика.
зат. Большевизмдин жолун жолдоочулук.
такт. Большевик сыяктуу, большевиктей. Большевикче иштөө. Большевикче күрөшүү.
сын. Большевизмди жактагыч, большевизмге берилген.
(Pempheridae) бакыракайлар; көздөрү чоң балыктардын бир тукуму, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: большеглаз австралийский (Liopempheris multiradiata) — Австралия бакыракайы, б. атлантический (Pempheris schoburgki) — Атлантика бакыракайы, б. уаланский (P. oualensis) — Уалан бакыракайы.
к. толстолоб обыкновенный или т. амурский; уюк Толстолобики.
(Conopidae) чоң баштар; чоң баш чымындардын тукуму, буларга большеголовка желтоногая (Conops flavipes) — сары буттуу чоң баш кирет.
~, ая, -ое
чоң баш, башы чоң.
(Opisthognathidae) коңулчу сымалдуулар; тропиктик өзөндөрдүн жээктериндеги коңулдарда жашоочу майда балыктардын бир тукуму, буларга большероты (Opisthognathus) — коңулчулар уруусу кирет.
(Eurypharyngidae) чоң ооздор; океандардын тереңинде жашоочу оозу чоң балыктардын бир тукуму, буларга большерот пеликановидный (Eurypharynx pelecanoides) — бирказан сымак чоң ооз кирет.