БУТУ-БУТУНА ТИЙБөө
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Тыным албоо, жаны жай албай өтө тез, ыкчам кыймылдоо, жеңил, элпек кыймыл-аракетте болуу. Кристина буту-бутуна тийбей, улам кудуктан суу ташып келип жатты (Ашымбаев). Кечээ эле мырза жигит келгенде желдей сызып, буту-бутуна тийбей жүрбөдү беле? (Укаев). В.: Буту жерге тийбөө. Сенин ал-жайыңды угуп, буту жерге тийбей, бир күлүп, бир ыйлап, эмне кыларын билбей калды (Абдукаимов). үйдүн ээси буту жерге тийбей чуркап, инисинин жолдоштору менен келгенине аябай кубанды (Абдукаримов). Буту-колу жерге тийбөө. Айбадактын буту-колун жерге тийгизбей чакыра турган адамдарына чуркатты (Жантөшев). Башка кишилер да дем алып, тынып чыкса, мунун буту-колу жерге тийбейт (Укаев).