Таш боор, ырайымсыз, бирөөгө жан тартпаган, эч ыракым кылбаган. Түк карабайт жалчыга, Боору катуу канкорлор (Осмонов). Боору катуу киши болбосо да, кайраты менен жүргөндүр (Абдукаимов).
1. Абдан күлүү. Бүбүш шылдыңдап боору катып күлдү (Турусбеков). Кээде боорум катканча күлчү элем (Байтемиров) 2. Катуу ыйлоо (балага карата); 3. Бой жетүү, баралына келүү, толуу. Азыр боору ката элек балапансыңар (Бейшеналиев).
1. Аябай күлүү, күлкүсүн тыя албай ыкшып калуу. Эмилбектин боору катып борсулдап, Сагындан качып ашкананы карай жөнөйт (Осмоналиев). Карап тургандардын баары күлүп, боору катты (Абдукаимов). Күлүп атып боорум катып калды («Ала-Тоо»). 2. Катуу ыйлоо (көбүнчө балага карата). Аргасыздан ата кетти жүрөгү сыздап, бала калды боору катып, солуп ыйлап (Касымбеков). 3. Чоңоюу, бой жетүү, баралына келүү. Өлбөсө булар дагы боору катып адам болор - деп чал күрсүнүп койду («Кыргызстан маданияты»).
Таш боор, ырайымсыз, бирөөгө жан тартпаган, эч ыракым кылбаган. Түк карабайт жалчыга, Боору катуу канкорлор (Осмонов). Боору катуу киши болбосо да, кайраты менен жүргөндүр (Абдукаимов).