Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
сталь; булат;
болсоң болоттой бол погов. уж если быть, так будь как сталь;
болот кылыч булатный меч;
өз болотун мокотуп, өз тууганын жоготуп фольк. меч свой затупив, своих родичей потеряв.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БОЛОТ — Чубактын өз ысымы. Радлов жазып алган вариантта бирде Чубак деп берилсе, бирде «Акбалта уулу Болотум, чором», — деп айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында: Акбалтанын Чубагы Болот эле өз аты Чууга жакын болгондон Чубак болду бу дагы — (Сагымбай Орозбаков, КФ., 657инв., 69-б.)— делип Чубак Б-тун чын аты экени айтылат, к. Чубак.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БОЛОТ — эпизоддук кейипкер, Кыз Сайкалдын кырк чоросунун башчысы. Сайкалга байланыштуу эпизоддордо жана Манас Карачадан Аккуланы сатып алгандагы эпизоддо катышат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БОЛОТ — эпизоддук кейипкер, Манастын Алтайда жүргөндөгү жолдошторунун бири. Жакып эл чогултуп Алтайдан Анжыянга көчөлү деген кеңешке Манас менен бирге келгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 18).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Темир менен бир аз углероддун кошундусунан пайда болгон өтө катуу, курч металл. Болот эритүү. Болоттон жасалган кылыч. || Учу болот бөрү тил, Найзанын жайын эми бил («Эр Табылды»). Балаңа калды мүлк болуп, Болоттон соккон барсканың (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
р.
полотно (белое);
жер бетинде болотнайдай ак кар тегиз жатат на земле лежит ровный, как полотно, белый снег;
бат эле болотнай сыяктанып өзгөрүлө түштү он вдруг изменился (побледнел), как полотно.