Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан зыкым, өтө сараң, колунан эч нерсе чыкпаган битир, ач көз. - Ушул жерден битин сыгып, канын жалаган байлардан көрө, пас жактан анча-мынча бир нерсе табууга мүмкүн экен (Абдукаримов). Ал жеткен көр жемечи жана айласыз битир. Мындайча айтканда, битин сыгып канын жалаган сараң (Алыбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан зыкым, барып турган сараң. Битин сыгып, канын жалаган байлар зили-түбү жарыбайт го (Жантөшев). – Ушул жерден битин сыгып, канын жалаган байлардан көрө, пас жактан анча-мынча бир нерсе табууга мүмкүн экен (Абдукаримов). Ал жеткен көр жемечи жана айласыз битир. Мындайча айтканда, битин сыгып, канын жалаган сараң (Алыбаев).